ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекке жыл аягына чейин дагы 624 автобус алынып келет
08.09.2023 | 22:47
Бишкекке 2023-жылдын аягына чейин дагы 624 автобус алынып келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын ичинен 500 автобус республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, 124ү Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алып келинет.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Бишкек мэриясы кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd. компаниясынан 1 млрд сомго автобустарды сатып алган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.
Кыргызстанга автобустардын биринчи партиясы 2022-жылдын январь айында келе баштаган. Учурда 300гө жакын автобус алынып келди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар