Бишкекте өрттөн бир адам жабыркады

Бишкекте өрттөн бир адам жабыркады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 1-март күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Лагерный көчөсүндө турак үйдө газ балон жарылып, өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен бир аял киши (үйдүн ээси) 2-3 даражадагы күйүк алып, 4-оорукананын күйүк борборуна жеткирилген. Учурада  өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>