Бишкекте №6 Балдар искусство мектебинин директору алмашты

Бишкекте №6 Балдар искусство мектебинин директору алмашты

Бишкек шаарындагы №6 Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин директору алмашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектепке 30 жыл эмгек өтөгөн Элмира Чаландинова өз арызы менен кызматтан кетти. Ал бул мектепти аяктап, жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин фортепиано классына мугалим болуп кайтып келип, кийин директордун орун басары болуп, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин директорлук кызматты аркалап келген.

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Мирлан Парханов иш жамаатка жаңы директор Анара Абдулинаны тааныштырды.

Жаңы кадр К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын фортепиано классын артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы ушул мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2016-жылы К.Молдобасанов атындагы КУКга өтүп, декан кызматына чейин жеткен.

“Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” жана “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгилери менен сыйланган. Көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты, өлкөнүн маданий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ар кандай даражадагы дипломдору, ыраазычылык каттары бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: директор

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>