Бишкекте №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оңдоодон өттү

Бишкекте №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оңдоодон өттү

Бишкек шаарындагы Жукеев — Пудовкин көчөсүндө жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты оңдоодон өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңыланган имаратка мэр Айбек Джунушалиев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев барышты.

Дарыгерлер билдиргендей, №6 ҮМБнын флюорографиялык кабинети оңдоп-түзөөдөн кийин биринчи жолу ачылды. Бейтаптар онлайн режиминде дарыгерге кайрылуу кезегин көзөмөлдөй турган система киргизилди.

Ошондой эле имараттын фасады жана кире бериш фойе жаңыртылды, аймакта тротуарлар отургучтар жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү, унаа токтотуучу жай жана тротуар асфальтталды.

Имараттын капиталдык оңдоо иштери 2023-жылдын төртүнчү кварталында башталып, 2024-жылдын 5-апрелинде аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>