Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Бишкекте 12 миң доллар талап кылган райондук соттун судьясы кармалды
21.03.2024 | 09:42
Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К. А. К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кызматтын маалыматында, судья опузалап 12 миң доллар талап кылган.
Ал жактоочу менен видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, дааратканасында жолугушууларды өткөргөн. Ал жерде өкүм боюнча чечим кабыл алынып, анын баасы аныкталган.
Райондук соттун судьясы 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом