«Чемпион болуңуз». Балдар Айсулуу Тыныбековага жарамазан айтып, батасын берди (видео)

«Чемпион болуңуз». Балдар Айсулуу Тыныбековага жарамазан айтып, батасын берди (видео)

Кичинекей балдар балбан кыз Айсулуу Тыныбековага жарамазан айтып, “чемпион болуңуз” деген батасын берди. Жарамазан айткан балдардын видеосу менен Тыныбекова “Инстаграмда” бөлүштү.

Видеодон топ балдар спортчу кызга жарамазан айтып жатканын көрүүгө болот. Алар жарамазан айтып бүтүп, Тыныбековадан «сыйлык» алгандан кийин батасын берди.

Балдардын бири:

“Батам, батам батпасын, батам жерде калбасын,

Эже балдарыңыздын жакшылыгын көрүп, неберелүү-чөбөрөлүү болуңуз”, — деп бата тиледи.

Тыныбекова “чемпион болуңуз дебейсиңерби” деп күлүп сүйлөгөндө, балдар “чемпион, дүйнө чемпиону болуңуз” деген батасын берди.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ошондой эле ал 5 ирет Азия чемпиону болгон. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси. Ал — Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу. Быйыл Тыныбекова Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына барат.

Жарамазан — Орозо айында айтылуучу ыр. Аны балдар же чоңдор үйлөрдү кыдырып айтышат. Үй ээси жарамазан айткандарга акча, кийим, жер-жемиш, боорсок-нан, таттууларды жана башка нерселерди берип, батасын алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>