28-майда Бишкек шаарында Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Иш-чара Шопоков-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги Театралдык бакта саат 09:00дө башталат.
Анда ар түрдүү темадагы он интерактивдүү аянча уюштурулуп, балдарга жаңы таасирлерди жана пайдалуу маалыматтарды тартуулайт:
- Музыкалык-сахналык аянтча – Кыргыз элинин улуттук бийлерин үйрөнүү, комуз жана башка аспаптарда ойноо боюнча концерттер жана мастер-класстар.
- Кол өнөрчүлүк жана көркөм сүрөт аянтчасы – Этно-комикстер «Манас келечекте», улуттук оймо-чиймелерди кенепке түшүрүү, керамика өнөрү, арт-флешмоб жана башка чыгармачыл иш-чаралар.
- Экология жана туризм аянтчасы – Туристтик квесттер, суу сактоо боюнча мастер-класстар, үстөл оюндары жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу көргөзмөлөр.
- STEAM-аянтчасы – Робототехника, илимий шоу-программалар, 3D-моделдөө, санарип сүрөт тартуу жана логиканы өнүктүрүүчү оюндар.
- Улуттук спорт аянтчасы – Ордо, тогуз коргоол, спорттук эстафеталар жана улуттук жабдуулар боюнча мастер-класстар.
- Балдардын укуктары жана коопсуздугу аянтчасы – Балдардын укуктары боюнча оюн-квесттер, ӨКМ жана юристтерден мастер-класстар, медиативдик баарлашуу жана коопсуздук боюнча тренингдер.
- Кыргыздардын интеллектуалдык жана интерактивдик оюндары кыргыздардын улуттук колоритинде аянтчасы – Көңүлдүү кыймылдуу жана таанып билүүчүлүк оюндар, улуттук колоритти чагылдырган, шамдагайлыкты, тапкычтыкты, эне тилин жана маданий баалуулуктарды өнүктүргөн оюндар.
- “Мен оорубайм, эгерде….” саламаттык аянтчасы – Балдардын маданий-гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча интерактивдүү оюндар, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк боюнча мастер-класстар.
- Этно-STEAM аянтчасы — мектепке чейинки курактагы балдар үчүн – Боз үйдүн макетин чогултуу боюнча мелдештер, оюндар жана акыл сыноолор.
- Санариптик дүйнө, илим жана технология, улуттук кол өнөрчүлүк жана фантазия аянчасында жыгачтан боз үйдүн бөлүктөрүн жасоо, Deneyap чип карталары менен иштөө, код жазуу, алгоритмдерди түзүү, роботторго программаларды жүктөө, микроскоп менен иштөө, дрондун жасалма макетин изилдөө жана математиканы кызыктуу жана түшүнүктүү кылууга жардам берген оюндар уюштурулат.
Иш-чарага балдар, өспүрүмдөр, ата-энелер жана бардык каалоочулар чакырылат.
Белгилей кетсек, иш-чара Агартуу министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулууда.