БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Бишкекте 31-майда масштабдуу балдар марафону өтөт
29.05.2025 | 15:47
31-майда Бишкектин Турдакун Усубалиев аянтында SHORO TAYKŪLŪK KIDS RUN масштабдуу балдар марафону өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Иш-чара 2 жаштан 16 жашка чейинки бардык балдар катыша алышат. Жарыш балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөнкүдөй аралыктар боюнча өткөрүлөт:
- 2-5 жаш – 300 м;
- 6-8 жаш – 500 м;
- 9-12 жаш – 1 км;
- 13-16 жаш – 3 км.
Жарыштын маршруту Абдумомунов көчөсү аркылуу өтөт.
Көрүүчүлөр жана коноктор үчүн фуд-корт, оюн аянтчалары, сахна, улуттук кийимдеги аниматорлор менен старт шаарчасы уюштурулат. Ошондой эле артисттердин спектаклдери, сынактар жана майрамдык программалар өткөрүлөт.
Иш-чарага байланыштуу 31-май күнү саат 07:00дөн 21:00гө чейин №1 жарым экспресс-автобустун каттамы өзгөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом