Өлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэри
Садыр Жапаров Астанада өтө турган «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитине катышат
29.05.2025 | 16:18
Садыр Жапаров 30-майда, Казакстанстандын Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышуу үчүн Астана шаарына барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталат. Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.
Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелонинин катышуусу күтүлүп жаткандыгы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат