Бишкекте 35 жаштагы аял өзү ижарага алган батирди бөлүп төлөө шарты менен сатып жиберген

Бишкекте 35 жаштагы аял өзү ижарага алган батирди бөлүп төлөө шарты менен сатып жиберген

Бишкекте 35 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, шектүүнүн үстүнөн шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында шектүү өзү ижарага алып жашап жаткан батирди арыз ээсине алдап саткан.

“Шектүү өзүн Токомбаев көчөсүндөгү батирдин ээси ктары тааныштырып, уйдү арыз ээсине бөлүп төлөө шарты менен саткан да,  баштапкы төлөм катары 5 миң доллар алып, ошол бойдон качып кеткен”, — деп жазылат малалыматта.

Ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү делген 36 жаштагы Х.С. кармалып, камакка алынган.

Бул факты  Жазык кодексиндеги 204-берене (“Алдамчылык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чеинки тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>