БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкекте мектептин короосунан хореограф асынган абалда табылды
11.07.2023 | 10:32
Бишкекте мектептердин биринин короосунан 37 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-июлда саат 09:14тө “102” кызматына шаардагы мектептердин биринин түндүк-батыш тарабындагы секичеде (крыльцо) эркек киши өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя жерине райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция аныктагандай, маркум 37 жаштагы А.Э. аттуу жаран болгон. Ага кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жаракаттар табылган эмес.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, каза болгон жаран хореограф болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз