Монголия Кыргызстандан жашылча-жемиштерди алып, эт экспорттойт

Монголия Кыргызстандан жашылча-жемиштерди алып, эт экспорттойт

Монголия Кыргызстанга эт азыктарын жана тери экспорттойт. Ал эми Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиштерди жеткирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болгонун Монголиянын Улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух экспорттук товарларды жеткирүү боюнча макулдашышты. Маселен, Монголиядан Кыргызстанга жана Орто Азия чөлкөмүнүн башка өлкөлөрүнө эт, эт азыктары жана булгаары экспорттосо, ошол эле учурда Кыргызстан Монголияга жашылча-жемиш жөнөтөт.

Белгилей кетсек, 9-июлда Улан-Батор шаарында президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын биргелешкен декларациясына кол коюшкан. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>