Ала-Арча айыл өкмөтүндө 19 млн сомго ФАП курулат

Ала-Арча айыл өкмөтүндө 19 млн сомго ФАП курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл өкмөтүнүн Мраморное айылында 10-июлда фельдшердик-акушердик пункттун имаратынын курулушу башталды.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, эки кабаттуу ФАПтын курулушу үчүн Мраморное айылынан 1,5 гектар жер бөлүнүп, ага жергиликтүү бюджеттен 19 млн сом жумшалат.

«ФАПтын аянты 295,1 чарчы метрди түзөт, 8 бөлмөлүү, күтүү залы бар. ФАП заманбап жабдыктар менен жабдылып, 5 миңге чейин адамды тейлөөгө ылайыкталган», — деди облус башчысы Канат Жумагазиев.

Учурда Чүй облусунда 188 акушердик пункт жана 92 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Анын ичинен 24 ФАП, 15 ҮДТ Аламүдүн районунда.

“Акыркы айларда Чүй районунун Талды-Булак айылында 1,1 миллион сомго ФАП курулуп, Ысык-Ата районунун Жайылма айылындагы ФАП 3,4 млн сомго, ушул эле райондо 5,9 млн сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Ошондой эле, Сокулук районунун Жангарач айылында ФАП курулду», — деди ыйгарымдуу өкүл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>