Бишкек шаарында төрт педиатриялык клиника ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар амбулаториясынын ачылыш аземи 18-октябрда болот.
Педиатриялык клиникалар өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардамды уюштурууга жардам берет.
Бишкектин тургундары клиникага консультация жана педиатрдын кабыл алуулары үчүн кайрыла алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз