Жапаров Россиянын ӨКМ башчысына «Даңк» орденин тапшырды

Жапаров Россиянын ӨКМ башчысына «Даңк» орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министри Александр Куренковго «Данк» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Кыргызстандын жана Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлерине эмгеги үчүн, Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Александр Куренковго «Данк» ордени  эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн тапшырылды.

Белгилей кетсек, 17-октябрда Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>