Бишкекте 4 имаратта бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү (видео)
Бүгүн, 19-октябрда саат 09:00до Бишкектеги Жогорку сот, Ленин райондук сот жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
[image_carousel source=”media: 199664,199665,199666″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Бомба тууралуу маалымат милициянын “102” кызматына түшүп, аталган факт боюнча окуя жерлерине райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу, жетекчилиги барган. Соттор жана министрликтин имаратынын ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып, айланасы курчоого алынган. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.
Ошондой эле саат 09:40та «Азия Молл» соода борборунда да бомба коюлганы тууралуу кабарланып, жерине милиция кызматкерлери барган. Соода борборундагы кишилер эвакуацияланып, анын айланасы курчоого алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз