Бишкекте 4 имаратта бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү (видео)

Бишкекте 4 имаратта бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү (видео)

Бүгүн, 19-октябрда саат 09:00до Бишкектеги Жогорку сот, Ленин райондук сот жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Бомба тууралуу маалымат милициянын «102» кызматына түшүп, аталган факт боюнча окуя жерлерине райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу, жетекчилиги барган. Соттор жана министрликтин имаратынын ичиндеги адамдар сыртка чыгарылып, айланасы курчоого алынган. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Ошондой эле саат 09:40та «Азия Молл» соода борборунда да бомба коюлганы тууралуу кабарланып, жерине милиция кызматкерлери барган. Соода борборундагы кишилер эвакуацияланып, анын айланасы курчоого алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>