Мирлан Самыйкожо кытай маданий борборунун ачылышына каршы чыкты

Мирлан Самыйкожо кытай маданий борборунун ачылышына каршы чыкты

Депутат Мирлан Самыйкожо Кыргызстанда Кытай маданий борборунун ачылышына каршы чыкты. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында билдирди.

Ал парламенттин Кытай өлкөсү менен маданий борбор ачуу боюнча келишимди дароо эле үч окууда кабыл алганын сынга алды. Мирлан Самыйкожо кесиптештерин мындай макулдашууларды терең  изилдеп окууга чакырды.

“Келишимдин максаты — эки өлкөнүн тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Чоң маданият биздин кичинекей маданиятты тебелеп тепсеп кетпейби? Биз кичинекей маданиятыбызга алардыкы аш болбой, кыйналып калбайбы? Алардын ири маданиятын дароо эле бизге, оңой тарап кетпейби? Министрлик бул келишимди алып келүүдө абайлаш керек эле”, — дейт Мирлан Самыйкожо.

Депутаттын айтымында, маданият министри Алтынбек Максутовдун кытай улутундагы кеңешчиси бар. “Кыргыз министринин кеңешчиси кытай кызы экен. Бул кыздын резюмесин ким карап чыкты? Ким анын өмүр таржымалы менен таанышты?”, — дейт эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>