Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Бишкек шаарындагы мурда «Ак-Кула» ат майданы жайгашкан жерде “Роял Сентрал Парк” (Royal Central Park) көп функционалдуу комплексин курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн толкунунда, жаңы экономикалык рынок шарттарында өз жолу менен өнүгүп баратканын белгиледи.
“Шаарыбыз барган сайын жаңыланууда. Көптөгөн заманбап инфратүзүмдүк объектилер пайда болуп, заңгыраган кооз имараттар курулуп, соода жана тейлөө чөйрөсү кулачын жайып, жолдорубуз четинен оңдолууда.
Бүгүн мына ушундай жакшы саамалыктардын бири – өлкөнүн жүрөгү болгон Бишкек шаарын жакшыртуу аркылуу келечек муундарга өнүккөн шаар калтыралы деген чоң үмүт-тилек менен “Роял Сентрал парк” көп функционалдуу шаар комплексин түптөөнүн урматына мезгил кутусун салуу иш-чарасына чогулуп олтурабыз.
Өзүңүздөр билгендей, бул жердеги шаар сыртына көчүрүлгөн мурдагы “Ак-Кула” ат майданынын ордуна турак-жайлар, бизнес, соода борборлору, социалдык объектилер, парк аймактары камтылган комплекс салынганы турат”, — деди президент.
Ал өткөн жылы өлкөнүн Министрлер Кабинети чет өлкөлүк инвестициялык компания менен Бишкекте шаар комплексин куруу долбоору тууралуу инвестициялык макулдашууга кол койгонун эске салды.
“Бүгүн мына ошол 3 миллиардга жакын АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап олтурабыз. Мурдагы ат майдан ээлеген аймакка 23 миң батир, 45 миң чарчы метр эл аралык соода түйүнү, коммерциялык жана кеңсе жайларына арнала турган 55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мындан сырткары, мектеп, оорукана, мейманкана баштаган социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагында сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
23 миң батир үчүн 25 миң унаа токтотуу жай дагы эске алынууда. Жалпысынан бул шаарча 60 миң адам үчүн ылайыкталат.
Мына ушул долбоорду шаар куруу жана дизайн боюнча дүйнөдө аты белгилүү жапондордун “Никкен Секкей” (Nikken Sekkei) архитектуралык фирмасы иштеп чыккан. Ал эл аралык рыноктордо талап кылынган жогорку сапаттагы жашоо мейкиндиктерин түзүүгө адистешкен.
Президент өлкөнүн борбору болгон Бишкек шаарын, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элдин жетишкен турмушта жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө, айрыкча, турак-жай маселесин чечүүгө бар аракетти көрүп келатканын баса белгиледи.
“Кезекке турган миңдеген жарандарыбыз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу четинен ак өргөлүү болушууда. Буюрса, бүгүн сөз кылып жаткан шаарчадан дагы 20 миңден ашык жараныбызга үй берүүнү мерчемдеп жатабыз.
Ошону менен катар аталган комплекстин курулушунда жарандар жаңы жумуш орундары менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаар тургундары жана инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр жаралып, ишкерликти өнүктүрүү сыяктуу экономиканы түрдүү тармактарын көтөрүүгө жол ачылат”, — деди мамлекет башчысы.
Ал элдин колдоосу жана биргелешкен аракеттер аркылуу чокусун ак кар баскан улуу тоолордун этегиндеги борбор шаарды дүйнө эли суктанган, жашоого жайлуу, жаңырган жашыл калаага айландыра аларыбызга ишенимин билдирди.
Жаңы шаарчаны куруу үчүн мезгил кутусун салуу менен бирге президент Садыр Жапаров бак отургузууга да катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз