Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Бишкекте айдоочу унаасынын рулуна ээ боло албай кырсыкка учурады
09.03.2020 | 16:05
Бүгүн, 9-мартта Бишкекте жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык эртең менен саат 06:40тар чамасында “Космопарк” соода түйүнүн жанында катталган. «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү унааны 27 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран башкарып бараткан. Айдоочу рулду башкара албай калып, алгач темир тосмону сындырып, тротуарды аралап, соода борбордун алдына барып токтогон.
Автоунаа айып төлөөчү жайга киргизилип, кырсыктын себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар