Сулайманов: бет кап тагынган калпакчан жигиттердин жоругу жапайычылык

Сулайманов: бет кап тагынган калпакчан жигиттердин жоругу жапайычылык

 Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов 8-март күнү «аялдардын шериктештик маршында» чагымчыл иштерди уюштургандарга карата пикирин билдирди.

Депутат өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жолдогон видео кайрылуусунда калпак кийип, бет кап тагынган жигиттердин аракетин жапайычылык деп атады.

“Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жаап сабады эле!? Мындай көрүнүш жапайычылык бул — сабатсыздык, бул — алсыздык. Кыргыздын жигиттери элин коргогон, жерин коргогон, кызын коргогон. Урматтуу жигиттер көзүңөрдү ачкыла. Жигит деген, эркек деген андай болбойт. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү – бул алсыздык. Ошолорду жигит деп, кыргыздын мырзасы деп айтканга оозум барбайт. Кыйын болсоңор, бет кабыңарды чечип, келгиле. Сүйлөшөлү!”, — деп жазган Сулайманов.

Белгилей кетсек, 8-март күнү аялдардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен өтө турган жүрүш башталарга аз калганда бет капчан калпак кийген белгисиз адамдар келип, акциянын уюштуруучуларынын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң иш-чарага келгендерди милиция кармап кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>