Бишкекте аял чогу жашаган шеригин бычак менен колун кесип салган

07.01.2021 | 17:47

Бишкек Патрулдук милициянын башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адамды бычак менен коркуткан шектүү кармалган. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

2020-жылдын 7-январында Бишкек ШИИБнин 102 кызматына борбор калаанын үйлөрүнүн биринде жарандардын ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Патрулдук милициянын инспекторлору көрсөтүлгөн дарекке келгенде, 1973-жылы туулган Т.Ж., арыз менен кайрылып, урушуудан улам аны менен жашаган аял колун бычак менен кесип, темир менен урган.

Арыздын негизинде Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган Ж.Э. кармалып, Ленин райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки процесстер башталган.

Scroll to Top