Бишкек абанын булганышы боюнча 35-орунду ээледиОрусияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапты. Алардын бири 2 жашта болгонКыргызстан 5 гигаваттык күн жана шамал станцияларын курууну макулдаштыБайсалов: Окуу жайларда мамлекеттик тилге басым жасалат, бирок улуттук азчылыктарга эне тилин окутуу сакталат2026-жылы Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук «бирдиктүү терезе» ишке киргизилетЖогорку соттун судьялыгына талапкер болуу үчүн 10 жылдык стаж талап кылуу сунушталууда
Бишкекте аял кишини тоноп кеткен шектүү кармалды
12.06.2023 | 15:57
Бишкекте тоноого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-майда милицияга шаар тургуну кайрылып, белгисиз адамдар 31-майга караган түнү Турусбекок менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуп 10 миң сомдук Redmi телефонун жана 20 миң сомдук алтын чынжырчасын тартып алганын билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы В.В. аттуу жаран кармалып, райондук соттун чечими менен 3-августка чейин камакка алынган.
Милициядан билдиришкендей, шектүү тонолгон телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Телефон ээсине к4айтарылган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз