Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бишкекте балдар ортосунда асфальтка сүрөт тартуу боюнча сынак өттү
02.06.2023 | 20:20
Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бакта Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 150 баланын ортосунда асфальтка сүрөт тартуу боюнча сынагы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп, балдар түстүү борлордун жардамы менен тажрыйбалуу сүрөтчүлөрдөй асфальтты жомок дүйнөсүнө айландырды.
“Балдар өздөрүн, күндү, гүлдөрдү, үйлөрдү, асан-үсөндү, ал эми кээ бирөө төрт бурчтуктарды тартты. Сүрөттөрдө өзгөчө, жаркын, эң негизгиси мээримдүүлүк чагылдырылды“, – деп белгилешти мэриядан.
Мелдештин жыйынтыгында бардык балдарга белектер берилип, аттракциондорго акысыз түшүштү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом