Бишкекте издөөдө жүргөн аял камеранын жардамы менен кармалды

Бишкекте издөөдө жүргөн аял камеранын жардамы менен кармалды

Бишкекте акча уурдоого шектүү катары издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылы 22-февралда милицияга С.В. аттуу жаран кайрылып, белгисиз аял Д. Сяопин көчөсүндөгү унаа саткан дүкөндүн кассасынан 21,5 миң сом уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 200-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, аталган окуя боюнча тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген. Соттук териштирүү учурунда С.Д. аттуу шектүү тергөө жана соттон качып, изин жашырып кеткен. Ага байланыштуу шектүү издөөгө алынган.

Жакында аталган аял адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен табылып, Ош базарынын аймагынан кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>