Бишкекте базарга апасын ээрчип келип адашып кеткен баланы милиция кызматкерлери таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 22-мартта Ош базарында кайгуул кылып жүрүшүп, адашып жүргөн кичине баланы табышкан. Аны жакындарына кайтаруу максатында туугандарын издеп, апасын таап баланы ага аман-эсен тапшырышкан.