Бишкекте базарлар жана коомдук жайлар дезинфекцияланды — сүрөт

Бишкекте базарлар жана коомдук жайлар дезинфекцияланды — сүрөт

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери «Ош»,  “Аламүин”базарындагы эт, сүт жана башка өндүрүмдөрдү саткан жерлерде жана «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын аймагындагы №5 мончосунда  дезинфекция кылышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул иштер коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында жасалган.

Мындан сырткары коомдук унааларда дагы дезинфекция жана текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

2020-жылдын март айынан баштап «Фрунзе» гипермаркеттерде жана бир катар кафе жана тамактануучу жайларда сасык тумоо жана коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ушундай элен иштер «Айчүрөк», «Авторская школа», «Рефал» жеке мектептерге жана №71 орто мектептердин окуучуларына өткөрүлгөн.

[su_image_carousel source=»media: 22270,22271,22272,22273,22274,22275″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>