Бишкекте белгисиз жаран 14 жаштагы кызды сабап салган. Бул тууралуу кыздын туугандары социалдык тармактарда жазды.
Эжесинин айтымында, окуя 17-декабрда саат 17:30-18:30дар арасында Сүйүнбаев көчөсүндөгү «Мегаком» компаниясынын имаратынын тушунда болгон. Сиңдиси классташ кызы менен мектептен үйүнө баратканда 30-35 жаштагы жаран артынан келип бет жагына уруп жиберген. Кыз жерге кулап түшкөн. Анын башы айланып, көздөрү караңгыланып кеткен. Бирок кол салган жаран токтоп калбай, аны дагы бир жолу уруп жиберген. Андан кийин качып кеткен.
Кыздын туугандары ошол эле күнү милицияга арыз жазган. Бирок кол салган адам кармала элек. Андан тышкары алар окуя болгон жерге жакын жайгашкан дүкөндөргө барып, камераларды текшерип, эч нерсе таба алышкан эмес.
Свердлов райондук милиция аталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кыздын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө иштери жүрүүдө.