Бишкекте бийиктиги 200 метрден ашкан 45 кабаттуу имарат салынат

14.11.2023 | 14:20

Бишкекте 45 кабаттуу Manas Tower 45 көп функциялуу мейманкана комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда аталган мейманкананын курулушунун пайдубалына капусула салган.

Мейманкананын курулушуна президентинин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

“Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот”, – деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун айтымында, 45 кабаттуу имараттын бийиктиги 200 метрден ашып, анын үстүндө тик учак конгонго аянтча болот. Ошондой эле ал панорама да болот.

[image_carousel source=”media: 201242,201243,201244,201245,201246,201247,201248,201249,201250″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top