Жогору маяна, бош иш орундар. Бийлик мигранттарды кайра өлкөгө чакырды

Жогору маяна, бош иш орундар. Бийлик мигранттарды кайра өлкөгө чакырды

Кыргызстанда 60 миң бош жумуш орун бар. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан «Мекендештер -2023» форумунда билдирди.

Ал мигранттарга чет жактан кайтып келип, өлкөдө ишке орношууну сунуштады.

Министр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын, долбоор боюнча 10 миңден 30 миңге чейин жумуш оруну түзүлөрүн, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна да жумушчулар керек экенин айтты.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, аткаруу бийлиги мигранттарды мекенине кайтарып келүү үчүн жигердүү аракеттерди көрүүдө.

Ал Кыргызстанда айлык акы көбөйүп, жашоо деңгээли жакшырганын айтты.

«Айрым тармактарда айлык акы Россиядагы маяна менен бирдей болуп калды. Эми ал жарандарды үй менен камсыз кылуу маселеси гана калды. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниясы турак жайларды салып жатат», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылы 12 миңден ашык кыргыз жараны башка мамлекетке жумушка орноштурулган. Ошол эле убакта Кыргызстан чет элдик мигранттар үчүн 15 миң квота бөлгөн.

Эмгек министрлигинин маалыматында, 600 миң кыргыз жараны миграция жүрөт. 2023-жылдын башынан бери 1,900 кыргызстандык Россиядан депортация болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>