УКМК чет элдик жаранды 51,8 кг алтын менен кармады

УКМК чет элдик жаранды 51,8 кг алтын менен кармады

«Манас» эл аралык аэропортунда чет элдик жаран 51 кг 866 грамм алтын менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан кабарлашкандай, контрабанда жана көмүскө байлыкты адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин жүрүшүндө «Манас» аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө аткезчилик жол менен алып өтүү фактылары боюнча маалымат алынган.

Алынган маалыматтарга ылайык, чет элдик жеке ишкерлер кайра сатуу максатында «Манас» аэропорту аркылуу алтын куймаларын контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Натыйжада УКМК менен «Манас» бажысынын кызматкерлери 51кг 866 грамм (999,9 үлгүдөгү таза алтын) алтын куйманы алып өтүүгө аракет кылган чет элдик жаранды колго түшүргөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>