Орозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө
Бишкекте бир аптада 4 миңге жакын жол эрежесин бузуу аныкталды
06.12.2022 | 18:26
25-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте 3 миң 925 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
— айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандар – 35,
— унаа каражатын каттоо тартибин бузуу – 221,
— жол эрежесин бузган велосипедчен адамдар жана жөө жүргүнчүлөр – 41,
— унаасынын айнегин караңгылатып алгандар – 15,
— мас абалында унаа башкаргандар – 64,
— мотошлем же коопсуздук курун колдонуу эрежесин бузгандар – 488,
— башка жол эреже бузуулар – 2 миң 593.
Ошондой эле 689 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом