Катарлык дарыгерлер Кыргызстанда угуусу начар 28 балага операция жасаштыЧек ара кызматында жаңы жетекчилер дайындалдыКРда энергетикалык суусундуктардын импортун 6 айга чектөө сунушталдыБишкекте 98 грамм баңгизат менен 22 жаштагы жаран кармалдыАлия Шагиева ит уруштургандардын кармалышы боюнча үн каттыАрмениядан Кыргызстанга баңгизат жүгүртүүгө айыпталган адам экстрадицияланды
Бишкекте бир аптада 4 миңге жакын жол эрежесин бузуу аныкталды
06.12.2022 | 18:26
25-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте 3 миң 925 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
— айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандар – 35,
— унаа каражатын каттоо тартибин бузуу – 221,
— жол эрежесин бузган велосипедчен адамдар жана жөө жүргүнчүлөр – 41,
— унаасынын айнегин караңгылатып алгандар – 15,
— мас абалында унаа башкаргандар – 64,
— мотошлем же коопсуздук курун колдонуу эрежесин бузгандар – 488,
— башка жол эреже бузуулар – 2 миң 593.
Ошондой эле 689 унаа айып аянтчасына токтотулган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом