Бишкекте Борбор Азия парламенттеринин форуму өтүүдө

Бүгүн Кыргызстан борбору Бишкекте «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форум өтүп жатат.
Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагалары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.
Форумдун негизги максаты — региондогу мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык маселелерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди издөө.
Талкуулана турган негизги темалар төмөнкүлөр:
Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан коргоо жана аймактык экономиканын туруктуулугун камсыздоо;
- Инвестициялык климатты жакшыртуу: Борбор Азия мамлекеттеринде экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзамдык чаралар;
- Санариптик суверенитет: киберкоопсуздук жана санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуудагы парламенттердин ролу.
- Белгилей кетсек, бул форум аймактагы үчүнчү ирет уюштурулуп жатат. Буга чейин ал 2023-жылы Казакстанда, 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.
Кыргызстандагы форум Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, мыйзам чыгаруу жаатындагы аракеттерди бириктирүүгө багытталган.