Араван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издегенЖыл башынан бери Бишкекте жол кырсыгынан 5 жаш бала каза болдуКыргызстандын президентин шайлоого 1,2 млрд сом сарптоо пландалууда — БШКМектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыктыКР МСК «Айсалык» жасалма интеллект-кеңешчиси бар жаңы сайтын ишке киргизди
Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекке келди
23.09.2025 | 10:57

Бүгүн, 23-сентябрда Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган делегация Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна катышуу үчүн келди.
Форумдун жүрүшүндө миграция жана эмгек агымдары, инвестиция чөйрөсүн жакшыртуу, Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат