Джети-Огуздан чыккан жигит «Росатомдун» эл аралык кеңешине кантип мүчө болгон?Бишкекте «Учур» жаштар театры чыгармачылык сезонун ачатBoho Beach Bar’дан кийинки таштанды — Самат Дөөлөтбаков кырдаалга комментарий бердиОш шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөтАраван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издеген
Өкмөт мектепке чейин билим берүүнү өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредит берүү долбоорун бекитти
23.09.2025 | 11:31

Министрлер кабинети «Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит – 2» долбоорун бекитти. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Токтомдун максаты – бала бакчаларда орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү.
Ага ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен «Элдик Банк», «Айыл Банк» ачык акционердик коомдорунун пайыздык ставкаларын субсидиялоого 8 млн 397 миң 550 сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.
Ошондой эле Агартуу министрлиги жогоруда аталган банктар менен биргеликте долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүп, анын жыйынтыгын жыл сайын 1-июлга чейин Президенттик администрацияга берип турууга милдеттендирилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом