Бишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдүЧоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылдыКыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдү
Бишкекте бүгүнтөн тарта жылуулук берилет
03.11.2025 | 11:50

Бишкек шаарында бүгүнтөн тарта жылуулук берүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук бир нече этап менен берилет.
Биринчи кезекте социалдык маанидеги объектилерге — мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо уюмдарына берилет.
Андан соң көп кабаттуу турак үйлөр менен жеке секторго жылуулук туташтырылат.
Мэрия шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жылуулук берүү процесси бир нече күндүн ичинде толугу менен аяктай турганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом