Киберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт«Манас» аэропортунда аянты 1 500 чарчы метр болгон мечит куруу пландалуудаСадыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт
Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курат
03.11.2025 | 11:28

Асман жаңы шаарынын курулушу жеке курулуш компаниялары тарабынан жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.
Анын айтымында, шаарды куруу иши этап-этабы менен ишке ашырылат. Учурда курулуш компаниялардын бирине 100 гектар, экинчисине 80 гектар жер бөлүнгөн.
“Асмандын жалпы аянты — 4 миң гектар. Жаңы шаарды курууга бардык курулуш компанияларын чакырабыз, шарттар баарына бирдей. Каалоочулар жетекчиликке кайрылса болот”, — деди Сабиров.
Маалыматка караганда, долбоорго катышууну каалаган инвесторлор жана компаниялар Улуттук инвестиция агенттигине кайрылып, сунуштарын бере алышат.