Ауэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады
Бишкекте чөнтөкчү телефон уурдаган учур видеого түшүп калган
24.02.2023 | 09:54
Бишкек шаарында чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-февралда милицияга О.У. аттуу жаран кеайрылып, 20-февралда Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде, белгисиз жаран кийиминин чөнтөгүнөн 25 миң сомдук Redmi NOTE 10 PRO телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы У.Б. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу каракетттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0704 433 666, 0508 778 977 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз