Байсалов Германия Бундестагынын делегациясы менен жолугушту

Байсалов Германия Бундестагынын делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын депутаттарынын делегациясы,  “Германия – Борбордук Азия” парламенттик достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан өнүгүүнүн ишенимдүү жолунда бара жатат жана жакынкы жылдары өнүгүп жаткан экономикага Германиянын өнөр жайынын, илим жана техникасынын салымы талап кылынат.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары парламентарийлерге финансы-техникалык колдоо алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Парламенттик делегациянын башчысы, Бундестагдын депутаты Ойген Шмидт эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

“Кыргызстан менен Германия менен кызматташууну чыңдоого, айрыкча жашыл экономика, илим жана маданият, адамдык капиталга инвестиция тартуу чөйрөсүндө ар тараптуу бекемдөөгө умтулат”, — деди Эдил Байсалов.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде немис диаспорасынын ишмердүүлүгүн колдоо, немис тилин үйрөнүү үчүн шарттарды түзүү жана кыргыз жаштарынын ГФР эмгек рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>