Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Бишкекте чоочун «Мерседести» өрттөп жиберген эки киши кармалды
19.10.2023 | 22:18
Бишкекте чоочун унааны атайылап жок кылууга шектүүлөр кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-октябрда милицияга А.Н. аттуу адам кайрылып, ал кечки саат 10:00до Элебесов көчөсүндө токтоп турган “Мерседес” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар өрттөп салышканын айткан.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган И.М., жана 1992-жылы туулган Ж.Р. кармалган.
Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар