«Аэро Номад Эйрлайнс» Бишкектен Ташкентке каттамдарды ачатСүхэ-Батор көчөсүндө бак-дарактар эмнеге куурап жатат: тургундар жана «Бишкекжашылкурулуш» эмне дейт?Садыр Жапаров Казакстанга «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин ачылышына катышуу үчүн келдиКыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайлары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну пландоодоКартошка, дары-дармек жана 2 млрд доллар: Кыргызстан менен Өзбекстан эмнеге макулдаштыАдам сатуунун курмандыктарын массалык түрдө интернет-алдамчылыкка мажбурлап жатышат
Акылбек Жапаров Төө-Ашууга байкоочу аянтча курууну тапшырды
19.10.2023 | 23:01
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Таанышуу учурунда Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү.
Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар