Кыргызстандан Самаркандга картошка жеткирилет

Кыргызстандан Самаркандга картошка жеткирилет

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандан Самаркандга картошка жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жакынкы аралыкта Самарканд облусунун ири ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетин билдиришти. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүү экендиктерин ырасташты.

Өз кезегинде КР Соода өкүлчүлүгү өзбек тарапка экспортко багытталган картошканын баасы, сорттору жана көлөмү боюнча маалымат берди.

Жыйынтыгында эки тарап кызматташууга жана соода-экономика тармагында жаңы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө үмүт артышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>