“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучика көчөсүнөн Павлова көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол кемчиликтерин жоюуда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Буга чейин Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин, Абдрахманов көчөсү менен Л. Толстой көчөсүнө Жибек-Жолуна чейин жана Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзеге чейинки чуңкурлар жамалган.
«Табигый процесс». Мэрия жолдогу чуңкурлар боюнча даттанууга жооп берди (фото)