Кыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттү
Бишкекте автобус, троллейбустардын барына үн кабарлоо системасы орнотулду
22.03.2024 | 09:19
Бишкек шаарында автобус жана троллейбустар аялдамаларды автоматтык үн менен кабарлоо тутуму менен толук жабдылды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Бүгүнкү күндө “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан автобустарга 600 жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы тарабынан 92 троллейбуска аялдамаларды жарыялоочу ички жана тышкы автоматтык түрдө кабарлоочу система орнотулду.
Мындан тышкары, борбор калаадагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө GPS-трекерлер орнотулган, муну менен жарандар «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу керектүү транспорт тууралуу маалымат ала алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом