АКШда төрт адамдын өлүмүнө шектелип жаткан кыргызстандык 28,5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүнКыргызстандын ИДПсы 8,8%га өстүЖибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатКыргызстандык ишканаларга Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү берилдиБишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө ачылдыЧерногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Бишкекте дарыгерлер бейтаптардан мыйзамсыз акча алып, 1 млн сом акча тапкан
23.11.2023 | 14:16
Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери кызматын кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир нече жетекчиси документтерди жасалмалоо менен акысыз көрсөтүлчү кызматтар үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алып жүргөнү аныкталган. Маселен 2022-жылы эле алар бейтаптардан мыйзамсыз акча алып, 1 млн сом “киреше” тапкан.
Учурда аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле аталган борбордун мурдагы жылдардагы иши боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз