«Женго» каймана аты бар Кадырбек Досонов Бишкекке которулат

«Женго» каймана аты бар Кадырбек Досонов Бишкекке которулат

«Женго» каймана аттуу  кримчөйрөнүн өкүлү Кадырбек Досонов Бишкекке которулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Кадырбек Досонов Ошто Тергөө абакта олтуруп, криминалдык чөйрөгө таасирин улантууда.

«Женгону Бишкекке алдырып жатам. Ал буга чейин экранга криминалдык чөйрөдөн баш тарткан. Бирок тергөө абагында отуруп алып, дагы деле таасир этүүгө аракет кылууда. Эрканга айтып коюп, уланта берем деп ойлоп жатат. Мен ага бөгөт коем. Эч кандай кримчөйрөнүн лидери болбойт. Биздин өлкөдө  Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер болбойт», — деди  Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы криминал менен күрөш күчөрүн айтты. Ал бул күрөшкө 2 жыл даярданганын белгиледи. 2026-жылы өлкөдө мыйзамдуулук толук орнотулуп, кылмыштуу топтор жок болорун убадалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>