Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Бишкекте дүкөнчү аялды сабаган чет элдик жаран кармалды
25.04.2024 | 10:14
Бишкекте дүкөнчү аялды сабаган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-апрелде 6-кичирайондо дүкөндө сатуучу аялды белгисиз жаран ур-тепкиге алып, сабаган. Окуядан кийин аял киши милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бул ишке шектүү катары 56 жаштагы Г.А. аттуу чет элдик жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.