Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Бишкекте эки аймактык милиционер пара менен кармалды
20.05.2022 | 17:48
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 2 аймактык тескөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милициянын ага лейтенанты А.У.Э., милициянын лейтенанты А.уулу И. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Тергөөдө аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде О.Г. аттуу жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталды.
Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом