Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Беш миң кыргызстандыкка Түштүк Кореяга иштөөгө квота бөлүндү
20.05.2022 | 17:49
Түштүк Корея кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн Кыргызстанга беш миң квота бөлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда эки өлкө бийликтери атайын келишимдерге кол коюшту.
Кимдер жана кандай талаптар менен ишке орношо алат деген өңдү суроолорго жооп айтылган эмес.

Жарандарды жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны 1 миллион 118 миң кишини түзөт. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет — 1 миллиондон ашуун жаран. Экинчи орунда Казакстан — 30 миң, үчүнкү орунда Түркия турат — 20 миң киши.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар